«Ош базарда» транспорт департаментинин кызматкери менен айдоочу мушташты

Социалдык тармакта «Ош базарда» транспорт департаментинин кызматкери менен айдоочу мушташып жатканы тартылган видео тарады. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, текшерүү иштери башталганын билдирди.

«Бул факты боюнча жазуу түрүндөгү арыздар түшкөн эмес. Учурда жаңжалдын катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.