“Ош” базардагы көпүрөдөн кулап, каза болгон кишинин видеосу тарады

“Ош” базардагы көпүрөдөн кулап, каза болгон кишинин видеосу тарады. Видеодон эркек кишинин музга түшкөнүн көрүүгө болот. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.

«19-январда cаат 14:54 чамасында «102» кызматына Кулиев менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн 50 жаштар чамасындагы киши кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция фактыны тастыктаган. Факты катталып, териштирүү башталган. Маркумдун 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран экени аныкталган. Соттук-медициналык эскпертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.