«Ош базардын» айланасында телефон уурдаган шектүү кармалды

«Ош базарынын» айланасында телефон уурдоого шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«11-июнь күнү «Ош базарынын» айланасында коляскасынын чөнтөгүнөн Самсунг үлгүсүндөгү 12 миң жана 14 миң сомдук эки телефонду белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айтып жаран арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине уурулук беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөөнүн жыйынтыгында 22 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүнүн ушуга окшош кылмыштарга тийиштиги бар-жогу аныкталууда», — дешти басма сөз кызматынан.