«Ош базарга» барган аял чөнтөгүндөгү телефонун уурдаткан. Шектүү кармалды

Бишкекте чөнтөкчүлүккө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

5-ноябрда милицияга аял кайрылып, ошол эле күнү саат 13:30 чамасында «Ош базарында» 14,5 миң сом турган телефонун чөнтөгүнөн алдыртып ийгенин айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Ал мурда да ушул берене менен соттолгон. Анын жанынан уурдалган телефон табылды. Тергөө уланууда.