«Ош базарынын» аймагында жертөлөдө кумар оюндарын уюштурган шектүү кармалды

«Ош базарынын» аймагында жертөлөдө кумар оюндарын уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлерине «У» деген бир адам менен байланышка чыккан. Ал оюн-зоок жайына карата колдоо үчүн ай сайын 30 000 сом берип турууну сунуш кылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу) жана 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Анын натыйжасында 1992-жылы туулган жаран кармалып, шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Оюн-зоок жайында тинтүү жүргүзүлүп, компьютердик симуляторлор алынды.