Ош — Бишкек жолунда бара жаткан унаадан 40 таңгак баңгизат табылды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери баңгизат сатууга бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул районунун аймагында 30-35 жаштагы жаран баңгизат жасап, сактап, сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн жана Бишкек—Ош жолунда 1986-жылы туулган А.Р. аттуу жаран башкарып бара жаткан Форд Фокус үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын салонунан 40 таңгак кара-жашыл түстөгү өзгөчө жытка ээ зат табылган.

Андан кийинки тергөө амалдарынын жүрүшүндө кызматтык иттин жардамы менен А.Р.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 105 таңгак баңгизат алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат 1 килограмм 182 грамм гашиш экени аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып короого токтотулду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.