Ош жана Баткенде сел жүрүп, айрым жолдор жабылды

Бүгүн, 8-июлда саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Баткен облусунун Баткен районунда Айгүл-Таш – Согмент-Таян унаа жолунун 3-8 чакырымын кум шагылга толтуруп, жол каттам жабылган. Ошондой эле Кара-Булак а/а Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга сел суусу келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Баткен шаардык ӨКБдан ыкчам топ тартылган.
Баткен облусунун Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 12:45 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Раззаков – Андарак – Көк-Таш унаа жолун жана Тогуз-Булак а/а Тогуз-Булак-Миң-Жыгач айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду кум шагылга толтуруп, Ынтымак айылында Откорм тилкесинде 1 турак үйдүн короосун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө Раззаков шаардык мэриядан 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 10 адам тартылган.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолунун 23-27 чакырымынын 5 жеринен сел жүрүп, №46 жол тейлөө ишканасына караган жол убактылуу жабылган. Гараж, Анипа, Чогорок, Шамбесай жана Ак-Чечек сел өтүүчү сайларынан сел суусу агып, 1400 метр ички чарбалык жол бузулган (жол каттам убактылуу жабылган). Жерине Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жеке менчик 3 экскаватор, 1 самосвал тартылды.
Ош облусунун Алай районунда адын ала маалымат боюнча, саат 15:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 70-71 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө Алай райондук ӨКБдан ыкчам топ жана №959 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган. Кошумча маалымат берилет.