«Ош, Кара-Суу жана Өзгөнгө жиберилип турган». Жасалма спирт ичимдиктерин даярдагандар кармалды

Ош шаарында жасалма спирт ичимдиктерин даярдоо жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин кызматкерлерине Ош шаарындагы менчик үйлөрдүн биринде жаран Тажикстандан жана Өзбекстандан аткезчилик жол менен алып келинген алкоголдук ичимдиктерди сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде жасалма алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз чыгарылып, андан соң унааларга жүктөлүп, Ош, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун базарларына жакын жайгашкан кампаларга түшүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Топтолгон материалдардын негизинде ушул жылдын октябрь айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош шаарында эки жаран турак жайды жана имаратты ижарага алып, жасалма спирт ичимдиктерин, анын ичинде ар кандай үлгүдөгү коньяк жана арактарды жасагандыгы жана даяр продукциялар ар кайсы дүкөндөргө жеткирилип, сатылып жаткандыгы аныкталган. 27-октябрда соттун чечиминин негизинде шектүүлөрдүн жашаган жана иштеген жерлерине тинтүү жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бир нече текшерилген даректер боюнча ири өлчөмдөгү аткезчилик менен даярдалган арак продукциялары табылган.

Тинтүү учурунда 1613,95 литр спирт кошулган продукция алынган: 889 литр спирт, 724,95 литр арак жана коньяк алынган. Сатууга даяр болгон 1390оан ашык ар кандай бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер, 24 коробкадагы 100 граммдык (860тан ашык) бөтөлкөлөр, андан тышкары 780ден ашык жасалма акциздик маркалар, арак бөтөлкөлөрүнүн 10200дөн ашык капкактары алынды. Алкоголдук ичимдиктерди даярдоо максатында спирт аткезчилик жол менен коңшу өлкөлөрдөн алып келинген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1969-жылы туулган жаран жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кармалды. Андан ары тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.