Ош милициясынын башчысынын 3 орун басары кызматтан кол жууган мушташтын видеосу

Социалдык тармактарда «Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатат» деген маалымат тараган. Бул кызуу талкууга алынып жаткан окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгондугу такталган.

ИИМ маалымат берип, иликтөө жүргөнү, кызматкерлердин аброюна шек келтирилгендиги үчүн Ош ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилгенин билдирген.

Ошондой эле окуяга түздөн-түз тиешеси бар Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Алмаз Усеналиев жана Ош ОИИБнын коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Салмоорбек Шералиев, Ош ОИИБдин башчысынын кадр иштери боюнча орун басары милициянын полковниги Улан Асанбаев ээлеген кызматынан бошотулган.