Ош облусунда аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

24-февралда Аскер прокуратурасы менен УКМК биргеликте «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Өзгөн аскер комиссариаттарынын бир катар аскер кызматкерлерин кармаган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган райондордун аскер комиссариаттарынын айрым аскер кызматкерлери мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууда негизсиз артыкчылыктарды бергендиги, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгы, кызматка жараксыз деп мыйзамсыз таанылгандыгы, ошондой эле мобилизациялык резервге даярдоодон өтө турган адамдардын тизмесине мыйзамсыз киргизүү үчүн, жарандардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар, анын ичинде бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.