Ош облусундагы жол кырсыктын кесепетинен 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 11-мартта болжол менен саат 19:48 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 605-чакырымында (Шоро-Башат айылы) Дэу-Тико үлгусүндөгү эки унаа кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен 8 адам (4 эркек, 2 аял, 2 жаш бала) ар кандай жаракат алган. Алар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.