Ош облусунда жер титиреди

Кечээ, 9-майда болжол менен саат 15:08де Чоң-Алай районунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.