Ош облусунда жер титиреди

Кечээ, 17-октябрь саат 22:19да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын күчү Өзгөн районунун Чымбай, Макмал, Кароол айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 баллга чейин, ал эми Кара-Дыйкан, Шералы, Куршаб, Ак-Жар, Мырза-Аке айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.