Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду

Ош облусунда майнинг-ферманын мыйзамсыз ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Кожокелең айылынан майнинг-ферманын ишмердүүлүгү аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш иштин алкагында майнинг иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды. Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.