Ошто милиция майорунун калкалоосу менен баңги заттарды жүгүртүп келген канал аныкталды

Ош облусунда милициянын майорунун калкалоосу менен баңги заттарды жүгүртүп келген каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

25-март күнү ИИМ менен Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кара-Суу районунан 2 кыргыз жаранын жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын майорун кармады.

Такталгандай, майордун карамагында турган кылмыштуу топ Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында узак убакыттан бери баңги заттарды өзгөчө ири көлөмдө сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталды. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, жалпы салмагы 550 граммдан ашык гашиш жана 100 граммга жакын героин алынган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.