Ош облусунда уурулук кылмыштарга шектелип 3 жигит кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда уурулук кылмыштарга шектелген 3 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 22-декабрында Кара-Суу районунун Медресе айылынын 1972-жылы туулган тургуну А.М.Б. милицияга үйүнө белгисиз жарандар кирип, ашканасында илинип турган LG үлгүсүндөгү 36 миң сомдук түстүү сыналгысын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча уурдоо беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын натыйжасында, кылмышка шектелип 3 жигит кармалган.

“Кармалган шектүүлөрдүн экөөсү жашы жете элек балдар болгондуктан үй камагына чыгарылып, 27 жаштагы К. уулу С. 2021-жылдын 31-январь күнү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 2-февраль күнү Кара-Суу райондук сотунун чечими менен 28-февралга чейин камакка алынды.

К. уулу С.нын Кара-Суу районунун аймагында 5 уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.