Кара-Суу районунда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

16-июнь күнү Кара-Суу РИИБдин экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургунун кармаган. Аталган жаран «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун аудио-видео материалдарын жана атрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган. Шектүү Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Кылмыш иштин алкагында шектүүнүн шериктерин аныктоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат.