Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 10:42 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Алай районунун Ачык-Суу жана Сары-Могол айылында 2 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.