Ош — Сары-Таш — Эркеш-Там жолунда оор жүк ташуучу унаа оодарылып калды (видео)

Ош — Сары-Таш — Эркеш-Там жолунда кырсык катталды. Бул тууралуу транспорт министринин кеңешчиси Мурат Соорбеков жазып, видео менен бөлүштү.

«Айдоочунун абалы жакшы. Учурда көпчүлүк жолдордо күн бүркөк, бирок жол ачык, каттамдар бар! Айдоочулардын эсине! Ашууларда жол ачык, бардык тарапка каттам бар. Өтмөк ашуусунда кар жаап өттү, жол тайгак, инерттүү материалдарды себүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми видеодон жарандын оодарылган унаанын контейнер ташуучу унаа экенин, ал жол боюндагы 10 парапетти кулатканын айтат.