УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тактап айтканда, Ош ШИИБдин тергөөчүсү жеке кызыкчылыгын, баюуну көздөп, кылмыш ишин токтотуу жана жоюу максатында Ош ШИИБдин архивдик кылмыш ишин таап, кайра ачууга көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз жаранынан 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылгандыгы аныкталды. Кыргыз жараны бир нече жолу ИИБге кат жүзүндө кайрылуу жолдогон. Бирок Ош ШИИБдин тергөөчүсү жарандардын кайрылууларын кароонун мыйзамда белгиленген тартибине карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылган. Ошентип, 27-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында акча каражаттарын которуу фактысы катталган. Ош ШИИБдин улук тергөөчүсү милициянын подполковниги К.Ж.А.нын кызматтык кабинетин тинтүү учурунда 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган. Мындан улам, аталган кызматкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.