Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борборунун директору кармалды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылбаганы аныкталган.

9-февралда кылмышка шектүү катары директор кармалып, УКМКнын  тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.