Ош шаарында «Алай» клубунун эки футболчусу жол кырсыгынан каза болду

Ош шаарында «Алай» клубунун эки футболчусу жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын профессионалдуу футболисттер ассоциациясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-январда Баткен-Ош жолунда Асадбек Алимов менен Жахонгир Махмудов жол кырсыгынан улам каза болгон. Анда Mercedes жана Hyundai Porter сүзүшүп, футболдук клубдун тарбиялануучулары кырсык катталган жерде мүрт кетишкен. Кырсыктан дагы бир жабырлануучу бар.

Асадбек Алимов 20 жашта, ал эми Жахонгир Махмудов 22 жашта болгон. Алар Баткен шаарынын «Нур-Баткен» элдик футболдук клубу менен жаңы келишим түзүп, 10-январдан 20-январга чейин Баткен шаарында өткөн кароодон кийин Өзбекстандагы эл аралык турнирге катышуу үчүн 23-январга чейин эс алып келүүгө өз үйлөрүнө кетишкен. Ош шаарына жетип калганда футболчулар жол кырсыгына кабылышкан.