Ош шаарында бүгүн түнү арматура менен сабалып киши өлтүрүлгөн. Милиция шектүүлөргө издөө жарыялады

Ош ШИИБ Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат берди.

13-январь күнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө орун алган «РСК» банкынын капталындагы аялдаманын аркасында, тергөөдө аты-жөнү аныкталбаган белгисиз жарандар өздөрүнүн кылмыштуу аракеттери менен адам өлтүрүү максатын көздөшүп, Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунунун денесине миздүү курч нерсе менен бир нече оор жаракаттарды келтиришип, ак түстөгү унаа менен изин жашырып качып кетип калышкан. Ошондой эле анын шериги 1995-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну дагы денесинен (өзгөчө бут органдары катуу жабыркаган) жараат алып, Тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Кесепетинен Баткен облусунун тургуну денесинен алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты 13-январь күнү Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган. Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук медициналык экспертизалар дайындалып, учурда шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам иштер уюштурулган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу ар биринин аты-жөнү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган. Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынды.

Натыйжада 13-январь бул кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле күнү бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды. Анын шериктери бул кылмышка катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө. Алар:

1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;

2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;

3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам издөө, тергөө иш чаралары жүрүп жатат. Төмөндө бул кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматыӊыздар болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222 4-82-82 телефону аркылуу байланышууну суранабыз.