Ош шаарында добуш сатып алууга аракет кылган жаран кармалды

Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан добуш сатып алууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 26-ноябрь күнү Ош ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмүндө (Шайлоочуларды сатып алуу) каралган кылмыш курамы менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде, Ош ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарынын аймагында бир саясий партиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына элдин добушун сатып алуу аракеттерин жасап жаткандыгын аныкташкан.

Бул факт аймактык караштуулугу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Шайлоочуларды сатып алуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын алкагында 26-ноябрда Ош шаарынын 1983-жылы туулган тургуну (аял киши) аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү күбөлөр суралып, топтолгон материалдардын негизинде жарандын 16 000 сом бергендиги аныкталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан уланууда.