Ошто жаш келин асылган абалда табылды. Факты катталганын Ош ШИИБден тастыкташты. Бирок толук маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.
Ал эми ЖМКлар өздүк булактарына таянуу менен келиндин 2-3 күн мурда жолдошу менен урушуп, ата-энесинин үйүнө келгенин, аны асылган абалда ата-энесинин үйүнөн табышканын жазып чыгышты. Ошондой эле анын 25 жашта жана 3 баланын апасы экендиги айтылды.