Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан ири өрт саат 16:00дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган. Мындан сырткары жерине кошумча ИИМ кызматкерлери жана тез жардам кызматтары иш алып барган. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.