Ош шаарында милиция кызматкерлери асманга ок чыгарды

Бүгүн, 4-июлда Ош шаарында ок атышуу болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Патрулдук милициянын кызматкерлери белгисиз адам алардын талаптарына баш ийбей койгондо, эскертүү максатында кызматтык куралдан асманга ок чыгарышкан. Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Факт катталып, сотко чейинки иш аракеттер башталды.