Ош шаарында парктагы эс алуучуларды коркутуп телефонун тоногон шектүү кармалды

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил багында жүргөн жарандарды коркутуп, телефондорун алып койгон шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сейил бакка эс алуу үчүн келген жарандардан июнь айынын аралыгында төрт арыз келип түшкөн. Жабырлануучулар белгисиз жаран аларды коркутуп, мобилдик телефондору менен акчаларын алып койгондугун билдирген. Мисалы, 16-июнь күнү аталган эс алуу багында шектүү Ош облустук ооруканасынын дарыгерин коркутуп, уруп, анын акчаларын жана кымбат баалуу телефонун тартып алган. Алардын берген көрсөтмөсүнөн улам бул кылмыштарды бир адам жасап жаткандыгы аныкталып, шектүү жаранды кармоо боюнча издөө иштери башталган.

Натыйжада Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын үстүнөн 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.