Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ШИИБге түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн 16 аял алып келинген. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын баары батирлерди жалдап, түрдүү даректерде убактылуу жашашкандар. Кардарларга интернет аркылуу байланышка чыгып турушкан. Алардын кол издери алынып, атайын тизмеге алынды. Укук бузуулар кодексинин 109-беренесине ылайык, 3 жаранга протокол түзүлүп, жалпысынан 60 миң сомдук жазана салынды. “Притон” аталышындагы профилактикалык жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын аймагында мурда катталган 82 кылмыштын бети ачылды.