Ош шаарында сойкулук менен алектенген 7 кыз кармалды

Ош шаарында 7 “байыркы кесип” ээлери кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Кечээ, 30-ноябрда түнкүсүн Ош шаарынын жол бойлорунда массаж салондордун атын жамынып элди тейлеп жүрүшкөн 7 сойку кармалган. Бул факты ъ катталып, кармалган кыз-келиндерден тиешелүү түшүнүк каттар алынган.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары жана активисттер менен биргеликте иш алып барышат, интернет айдыңындагы бул бул багытта иштешкен жарандар текшерилип жатат. Түрдүү интим кызматын көрсөткөн жайларды аныктоо, уюштуруучуларды жазага тартуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул багытта тынымсыз профилактикалык жана ыкчам иш-чаралар улана берет.