Ош шаарында сууктан 2 адам көз жумду

Ош шаарында сууктан 2 адам көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, каза болгондор үй-жайы жок селсаяктар.

Каза болгон жарандардын жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришет. Эгер туугандары баш тартса, анда мамлекет тарабынан каттоого алынып, жерге берилет.