Ош шаарындагы Керме-Тоо орто мектебинде өрт чыкты

Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан Керме-Тоо орто мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо мектептин биринчи кабатындагы Ош мэриясына караган көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун социалдык бөлмөсүнөн чыккан. Өрт саат 11:40 чамасында чыгып, ал жерге №12 Ош шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылган. Өрт саат 11: 55те чектелип, 12:01де толугу менен жоюлган.

Өрт электр чубалгыларын туура эмес пайдалануудан келип чыкканы айтылды.