Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бүгүн, 23-мартта эртең менен Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүнөн денесинде жараты бар белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жансыз дене тууралуу маалымат жергиликтүү жашоочулар тарабынан саат 8:00 чамасында Ош ШИИБге кабарланган. Жаранды кароо учурунда анын денесинин ич бөлүгүндө учтуу нерсе менен бир нече жолу сайылгандай белгилер аныкталган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөр изделип жатат.

Маркум болжол менен 30-35 жашта. Үстүндө күрөӊ түстөгү свитер, көк түстөгү спорттук шым болгон. Кыска сакалчан. Окуянын иликтениши боюнча кошумча маалымат берилет.