Ош шаарындагы 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Маркумдар Орусиянын ФСБсынын кызматкерлери болгон

Ош шаарында Hyundai үлгүсүндөгү унаанын жарнамалык түркүктү сүзүп, каза болгон 3 адам Орусиянын жарандары экени белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан каза болгон 3 жаран Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери болгон. Алар кандай жагдайда Ош шаарында жүргөнү белгисиз.