«Ош шаарынын базарында мушташ болуп, 70ке таяп калган апа бутунан жаракат алды». Окуя боюнча милиция эмне дейт?

Бүгүн, 14-сентябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» рубрикасына күбө Ош шаарынын базарында мушташ болгонун, окуядан 70 жашка чыгып калган апа жаракат алганын айтып, видео менен бөлүшкөн.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн редакция Ош шаарындагы Милициянын кайгуул кызматы менен байланышты. Алардын берген маалыматына караганда, апаны унаа сүзүп кеткен.

«Бул жерде эч кандай мушташ болгон эмес. Унаа аял кишини сүзүп кеткен. Учурда унааны издөө иштери жүрүп жатат»,- дешти алар.