Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун үстүнөн 4 кылмыш иши козголду

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелүүдө. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка караганда, иштер Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турган мезгилде козголгонун айтышты. Кылмыш иши боюнча мэрден тышкары мэриянын башка кызматкерлери да айыпталууда.

Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.