Ош шаарынын тургуну өз унаасында көз жумду

Ош облусунда жол кырсыктан 42 жаштагы жаран каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

31-январь күнү саат 08:25 чамасында Бишкек-Ош жолунун 634-чакырымында, тактап айтканда Жаңы-Арык айылында Ош шаарынын 1979-жылы туулган тургуну өзүнүн Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаасынын рулун башкара албай калып, жолдун оң четине чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.