Ош ШИИБ: Мугалим менен ата-эненин жаңжалы. Тараптар бири-бирине арыз жазышкан

3-апрель күнү интернет тармактарында Ош шаарындагы мектептердин биринде окуучунун энеси тарабынан мугалимге кол көтөргөн фактысы болгондугу тууралуу айтылып, кыскача видео дагы тараган.
Жогорудагы факты боюнча Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет: 9-март күнү Ош шаарындагы жеке менчик мектептердин биринин мугалими Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, анда мектепте окуган 1-класстын окуучусунун апасы ургандыгын билдирген.
Ушул эле күнү арыз жазган мугалимдин үстүнөн аталган окуучунун апасы дагы арыз жазып, анда ал 1-класстагы баласын мугалим ургандыгын билдирген. Учурда бул факт боюнча Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен тараптардын кыймыл аракеттерине- тиешелүү укуктук баа берилет.