“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

19-март күнү саат 05:50дө Ош шаарынын ооруканасынан А. Мамыров көчөсүндө “Тойота Ипсум” унаасы “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп, натыйжада кызматкер аял окуя болгон жерден каза болуп калгандыгын билдиришкен. Аталган маалымат Ош ШИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү протоколдор толтуруп алынган. Каза болгон аял 1959-жылы туулган Араван районунун Гүлбаар айылынын тургуну Батма Мадмарова экендиги аныкталды. Ал 2025-жылдын сентябрь айынан тартып “Ош-Тазалык” ишканасында иштеп жаткан. Жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган.

Аталган жол унаа кырсыгына шектүү катары “Тойота Ипсум” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу 1998-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну К. уулу Ш. наркологиялык экспертизадан өткөрүлүп, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алып келинген. Ал окуя боюнча асфальт үстүндө тайгаланып кетип, автоунаасы менен жолдун четиндеги арыкка сыйгаланып барып тротуарда иштеп жаткан “Ош-Тазалык” ишканасынын формасын кийген адамды сүзүп алганын билдирген.

Учурда текшерүү иши боюнча соттук-экспертизалар дайындалып, шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Окуяга күбө атуулдар суралууда. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.