Ошко жумуш издеп келген коңшу өлкөнүн жараны көз жумду. Шектүү катары мекендеши кармалды

Ошто адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын ооруканасынан кабар берилген. Маалыматка караганда, 2-январга караган түнү саат 03:30да ооруканага жаран жеткирилген, бирок анын ооруканага жеткиче эле каза болуп калганы аныкталган. Маркумдун денесинде бычактан алган жарааты болгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал коңшу өлкөдөн келип, Ош шаарында жалданып жумуш жасап жүргөн 2000-жылы туулган жигит болгон. Кылмышка шектүү катары 2-январда маркумдун мекендеши, 2000-жылы туулган жигит кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, коңшу мамлекеттин 2 жараны Ош шаарына жумуш издеп келишип, наабайчы болуп иштеп жатышкан. Кылмыш болгон күнү алар алкоголдук ичимдиктерди ичип отурушуп, өз ара чырдашып кетишкен. Ошол жерде өздөрү пайдаланып жүргөн аш бычак менен бири экинчисинин сол ийинине сайып жиберген.

Жабырлануучу жардам сурап кыйкырганын угуп, жумуш берүүчү Ош шаарынын ооруканасына жеткирген учурда, дарыгерлер анын каза болуп калгандыгын билдиришкен. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаарынын соту шектүүнү камакка алган.