Ошто 1 айдан бери изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды

19-декабрь күнү 1985-жылы туулган Жаңы-Алай айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу жана айылды аралап өткөн каналга түшүп кетүүсү мүмкүн болгондугу тууралуу маалымат 21-декабрь күнү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

17-январь күнү издөө иштерин улантуу максатында Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 12:24тө дайынсыз болгон жарандын сөөгүн табышты.