Ошто 1-класстын окуучусу калем саптын капкагына какап каза болду

Иллюстрация

Кечээ, 26-январда Ошто №48 мектебинин 1-классынын окуучусу калем саптын капкагына какап каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Юсупова журналисттерге ырастады.

«Кырсык сабактардан кийин катталган. Бала оозуна калем саптын капкагын салып алып, кийинип жаткан. Жанында мугалими болгон жана мектептин директору да алардын жанынан өтүп бара жаткан. Ошол учурда баланын апасы да келип калган. Башталгыч класстарда окуган балдарды ата-энеси келип алып кетишет. Биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бирок баланы аман алып калуу мүмкүн болгон эмес, бала ооруканага жетпей каза болуп калды», — деди ал.

Ош шаардык милициясынан окуя 26-январда саат 16.30 чамасында катталганын, Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн 2015-жылы туулган жашоочусу өзү окуган мектепте сабакта калем саптын капкагын оозуна салып ойноп жатып, капыстан жутуп алганын билдиришти. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маалыматтарга караганда, баланын ата-энесинин мугалимдерге дооматы жок жана баланын сөөгү кечээ күнү жерге берилген.