Ошто 14 жаштагы кыз көз жарды. Шектүү катары 21 жаштагы жигит кармалды

Жергиликтүү ЖМКлар Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз көз жарганын, бул маалыматты Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан тастыктаганын, өспүрүм кыз 18-август күнү көз жарып, уул төрөгөнүн жазышты.

Окуя боюнча Ош ОИИБге кайрылганыбызда, бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдиришти.

«Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2003-жылы туулган тургуну 20-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда», — дешти.