Ошто 14 жаштагы кыз уул төрөдү. Шектүү кармалды

22-сентябрда Ош облустук төрөт үйүнүн дарыгери милицияга Ноокат районунун 2009-жылы туулган жашы жете элек тургуну эркек төрөгөндүгү боюнча кабар берген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Бул факты Ош ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 157-берене (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде бул кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1996-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.