Ошто 14 жаштагы кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөн делген ата 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан билдиришти.
«Ош шаардык сотунун 12-декабрындагы токтому менен Жазык кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү менен айыпталган шектүүнүн бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө, тактап айтканда 2022-жылдын 10-февралына чейин тандалды. Шектүү Ош шаарындагы СИЗО-25 мекемесине киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Ош ОИИБ маалымат таратып, өз кызын 2 жылдан бери зордуктап жүргөн делген 1982-жылы туулган жаран кармалганын билдирген.