Ошто 15 жаштагы кызды ала качкан 4 жигит 2 айга камакка алынды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден тастыктышты.
Маалыматка караганда, алардын бөгөт чарасы кечээ, 20-октябрда каралган.
- 18-октябрь күнү саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Масалиев проспектиси менен Зайнабединов көчөсүнүн кесилишинде Ош шаарынын 2007-жылы туулган тургунун, жашы жетелек кызды ала качып кетип бара жаткан жеринен 4 жигит кармалган. Кыз жашы жете элек Ош шаарынын тургуну. Ал эми жигит 1995-жылы туулган. Анын кылмышка шектүү шериктери 1985,1986, 1985-жылы туулган жарандар.