Ошто 15 жаштагы кыздын сексуалдык кулчулукта кармалышы. Шектүү кыздар кармалды

Ошто 15 жаштагы кыздын сексуалдык кулчулукта кармалышы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден 23-августта маалымат түшкөнүн билдиришти.

15-август күнү Ош шаарынын тургуну 15 жаштагы кызды топ кыздар Кара-Суу районундагы каналына алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы маалым болгон. Аталган факты Ош ОИИБде катталып, текшерүү иштери башталган.

Ош шаарынын тургуну 15 жаштагы кызды топ кыздар жана балдар өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болгон зомбулукту жасап, шантаж кылуу жолу менен сойкулук кылууга тартуу же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо түрүндөгү аракеттерин жасашкан. Бул факты боюнча 159-берене (Сойкулук кылууга тартуу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары жана катышуучулары аныкталып, тиешеси бар адамдардын баары тергөө кызматына камсыз кылынган. Тергөө амадарынын учурдагы жыйынтыгы менен 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н., 2006-жылы туулган М.М. бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат, калган адамдар менен тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин Акыйкатчы институту маалымат таратып, Ошто 15 жаштагы кыздын сексуалдык кулчулукта кармалып жүргөнүн билдирген. ИИМ маалымат таратып, ур-токмокко алууга катыштыгы бар 2003-жылы туулган Э. Б. жана Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 1997-жылы туулган У. Х. такталып, тергөө кызматына жеткирилгенин билдирген.