Ошто 16 жаштагы кыз зордукталды. Кылмышка өспүрүм шектелүүдө

Ошто 16 жаштагы зордукталды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

23-июнь күнү Ноокат районунун тургуну 16 жаштагы кызын бейтааныш өспүрүм зордуктаганы боюнча арыз жазган.

«Арыз катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Жабырлануучу жана кылмышка шектүү да жашы жете элек болгондуктан Балдар жөнүндөгү кодекстин 94-беренесинин 4-пунктунун талаптарына ылайык кенен маалымат бере албайбыз. Ал эми кызды зордуктап кафелердин биринин жанына таштап кеткен деген маалымат калп. Кыз талаада калган эмес. Тийиштүү экспертиза дайындалган. Кыздын абалы жакшы», — деп айтылат маалыматта.