Ошто 16 жаштагы окуучу кызды зордуктады деген шек менен эки жигит кармалды

Ош шаарында 16 жаштагы окуучу кызды зордуктоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, узаган жылдын декабрь айында Ош облусунун тургуну арыз жазып, милициянын кызматкерлерине кайрылган. Анда ал Ош шаарында анын 16 жаштагы кызын белгисиз эки жаран калаадагы батирлердин биринде зордуктап койгондугун жана аларга жаза берүү менен кайрылган.

Мындан улам Ош шаардык ИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан 6-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош шаарында жашаган 20 жаштардагы эки улан кармалган. Аларга карата Жазык кодексинин 161-беренеси «Зордуктоо» менен сотко чейинки кылмыш иши ачылган.

Ошондой эле алгачкы тергөөдө милициянын кызматкерлери 16жаштагы жабырлануучу, окуучу кыз шектүү балдар менен «Instagram» социалдык түйүнү аркылуу таанышып, баарлашып жүргөнүн аныкташкан. Жана Ош шаарына жаабырлануучу  алардын чакыруусу менен келгени айтылат.