Ошто 1,5 гектар аянттагы куураган чөп күйдү (видео)

Куршабда 1,5 гектар аянттагы куураган чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кечээ, 19-август күнү саат 23:14 чамасында Куршаб айыл аймагындагы ачык аянтта чыккан.
Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылып, саат 02:55те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыккан себеби такталууда.